• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын экономисттери Францияда чет өлкөлүк кесиптештери менен жолугушууларды өткөрүшүүдө

Экономика 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар /. Францияда 25-октябрда XII Сооданы алдыга жылдыруу боюнча уюмдардын дүйнөлүк конференциясы башталды.

Бул тууралуу Кыргызстандын инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыргыз делегациясы өзүнүн аталган аянтчага катышуусунун алкагында кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн эл аралык өнөктөштөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Аталган конференциянын алкагында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү ITC аткаруучу директору Arancha Gonzalez менен бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Конференциянын экинчи күнү Swiss Import Promotion Programme (Швейцария) жана Netherlands Enterprise Agency (Нидерланды) менен жолугушуулар пландалган.

Кыргыз делегациясынын катышуусу ITC`нин Швейцариянын жана Финляндиянын өкмөтү тарабынан каржыланган “КРдагы сооданы алдыга жылдыруу” программасынын техникалык жана каржылык колдоосу астында уюштурулган. Анын курамына экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, КРнын инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу, өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн кызматкери кирген.

Пикир

Оставить комментарий