• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбековдун Россиянын Оренбург облусуна иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россиянын Оренбург облусуна бир күндүк иш сапары менен барып келди.

Кыргызстандын жана Россиянын башчылары «Донгуз» полигонунда «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларынын активдүү фазасын биргелешип көрүштү жана ошондой эле курал-жарактардын жана аскер техникасынын көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөрүшүп, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана Россиянын азыркы абалын, актуалдуу маселелерин жана кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бүгүн кечинде Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий