• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы бүт кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата-мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын белгиледи.

Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында белек кылганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова Мамлекет башчысына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезип жатканын белгиледи.

Ал жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий