• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Президенти анын орун басуучусу ким экендигин айтты

Президент 0

Бишкек, 3-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңешинин 5-жыйынында анын орун басуучусу ким экендигин айтты.

Анын айтымында, ал кайда барбасын, ким менен жолугушпасын, бардыгы андан ишин улантуучусу ким болорун сурап жатышат. “Бул тууралуу менден А.Меркель жана В.Путин сурады. Айрым саясатчылар, журналисттер мен өзүмдү коргой ала турган орун басуучу таппай жаткандыгым тууралуу макалаларды жазып жатышат. Мен бир гана кудайдан коркорумду айткым келет. Болгону ошол. Мага мени коргой турган эмес, биздин улуттук жана маданий баалуулуктарыбызды сактай ала турган жана элибизди коргогон орун басуучу керек. Бардык жарандар – менин ишимди улантуучулар. Кийинки президент ким болорун шайлоолор көрсөтөт. Кыргызстандын кийинки президенти ким болорун мен билбейм. Менин милдетим – туура жана ачык шайлоолорду өткөрүү”, - деп билдирди А.Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий