• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков МЧКга чек арачылар бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгын жакшыртуу тапшырмаларын берди

Президент 0

Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы кырдаал, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев ошондой эле мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү жөнүндө баяндап берди.

Мамлекет башчысы ведомство жетекчилигинин алдына чек арачыларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча ишти улантуу, ошондой эле аракеттерди чек ара кызматы системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө топтоо милдетин койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматына чек арачылар бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгын жакшыртуу боюнча да бир катар тапшырмаларды берди.

Жолугушууга Президенттин кеңешчиси Жеңиш Разаков, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий