• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтай цивилизациясына жана алтай тилине арналган форум өтөт

Президент 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. 2017-жылы 20-22-июлда Кыргызстанда «Алтай цивилизациясы жана алтай тил үй-бүлөсүнүн тектеш элдери» Эл аралык форуму өтөт.Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Президенттин өз кеңешчиси Мира Карыбаева А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, ага Форумга катышуу үчүн бүгүнкү күнгө карата Европа жана Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Германиядан, Венгриядан, Индиядан, Россиядан, Өзбекстандан жана Чехиядан көрүнүктүү тарыхчы окумуштуулар, археологдор, антропологдор, лингвисттер катталганы тууралу айтып берди. Андан тышкары алдыдагы иш чараны даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстан элинин "Мурас" тарыхый жана маданий фондусу биргеликте жасап жаткан иштерге токтолду.

Форум Евразиянын кеңири мейкиндиктерин байырдаган элдердин жалпы алтай тилдеринин, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим жана маданий долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо аянтчасы болуп калмакчы.

Пикир

Оставить комментарий