• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында 31-январда жана 1-4-февралда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Кабар/. ӨКМдин маалыматына ылайык, эртең, 31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

1-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 мертге жетет.

3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 4-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мертге жетет.

Пикир

Оставить комментарий