• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий