• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Уруксат берилген айрым ишканалар санитардык-карантиндик талаптарды аткарбай жатат - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында 1-майдан тарта иштеп баштаган айрым ишканалар санитардык-карантиндик талаптарды аткарбай жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан тарта Бишкек шаарында айрым ишканалар, курулуш мекемелери жана такси кызматы ишин баштаган.

"Тилекке каршы, алар санитардык-карантиндик талаптарды аткарбай жатат. Алсак, такси кызматынын айдоочулары беткап, уруксат кагазы, патентти жок жана жүргүнчүлөрдүн санына карабай иштеп жатат. Мындан сырткары, чач тарач, сулуулук салонунда иштегендер да беткабы жок ишин алып барууда. Ошондуктан жогоруда айтып кеткен ишкер, кызматкерлерге кайрылат элем, санитардык-карантиндик талаптарды катуу көзөмөлгө алыңыздар", - дейт ал.

Бишкек шаарынын коменданты 10-майга чейин узартылганган өзгөчө абалдын талаптарын сактоого чакырат.

Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий