• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент бүгүн мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат

Президент 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында «Алтын сертификаттын» ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өтөт.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 14:00дө башталат.


Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда 54 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий