• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК алты айда 116,2 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында 116 млрд 165,4 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 948 млн сомго ашыкча аткарылган.

Чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көп.

Анын ичинде салык жана төлөмдөр 84 млрд 446,2 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 31 млрд 719,2 млн сомду түзөт.

Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Салык кызматы экономиканын ар кайсы тармактарына системалуу талдоо жүргүзүп турат, бул ишкерлер тарабынан салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлорун аныктоого жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берди.

Мындан тышкары, контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптик чечимдерди киргизүү салык жыйноону жакшыртууда чоң роль ойноду.

Пикир

Оставить комментарий