• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маевканын тургундары таштанды калдыктарын Ала-Арча суу сактагычына төгүп жүргөн

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Маевкада мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөр аныкталды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, аталган канализациялык түтүктөр аркылуу таштанды калдыктары Ала-Арча суу сактагычына куюлуп турган.

Белгиленгендей, күн мурун, 5-июлда Аламүдүн районунун Маевка айылында Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоо боюнча рейд өткөрүп, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренажга агып Ала-Арча суу сактагычына куюлуп жаткандыгын аныкташкан.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий