• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиядагы кыргызстандыктар 10-январга чейин каттоодон жана текшерүүдөн өтүүсү зарыл

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик мекендештерди Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өтүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу алар манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүүнүн шарттарын милдеттүү түрдө аткарганда гана мүмкүн болот.

Пикир

Оставить комментарий