• 88.68
  • 95
  • 0.95

Суусамыр – Талас – Тараз трассасында жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз трассасында жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 8-декабрда болжол менен саат 01:30дар чамасында катталган.Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан 24 жаштагы А.Р. аттуу айдоочу алдыдагы унаадан ашып өтүп, жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда автоунаа айып короосуна киргизилип, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий