• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Лексустун" мас айдоочусу бир нече унааны сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Бишкекте "Лексустун" мас айдоочусу бир нече унааны сүзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү болжол менен саат 18:40та Гоголь менен Чүй проспектисинин кесилишинде жол кырсыгы болгон.

"Лексустун" айдоочусу мас абалында бир нече унааны сүзгөн. Ал айдоочу медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартып, милиция кызматкерлерин чакырууга туура келген", - дейт башкармалыктын басма сөз кызматы.

Учурда автоунаа айып токтотуучу жайында турат. Чыгымдын көлөмү эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий