• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чукул билдирүү: Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 20-22-сентябрында өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда суунун дэңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

Эскерте кетсек, 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий