• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропортунда жаңы аэровокзал куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. "Манас" аэропортунда саатына кеминде 1,5 миң адамды өткөрүүгө мүмкүн болгон жаңы аэровокзал куруу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

"Азырынча техникалык-экономикалык негиздемеси даярдала элек, бирок биз Бишкектеги аэропорттун инфраструктурасын кантип жакшыртуу боюнча план даярдап жатабыз. Кошумча учуу тилкесин куруу планы да бар, бирок баарын эсептеп чыгышыбыз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий