• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда саламаттык сактоо тутумунун ардагерлер ассоциациясы түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда саламаттык сактоо тутумунун ардагерлер ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ассоциациянын төрагасы Накен Касиев билдирди.

Анын айтымында, мурда саламаттык сактоо тутумунда ардагерлер ассоциациясы болгон эмес.

"Анын курамына элге-журтка эмгеги сиңген, Кыргызстанга таанымал, көп жылдар бою саламаттык сактоо тармагында кызмат кылган ардагерлер камтылып, ага өлкөнүн бардык аймактарынан мүчөлөр кирди. Акырындап биздин ассоциациянын мүчөлөрү көбөйөт деп ойлойм. Биздин максатыбыз саламаттык сактоо тутумунда элге пайдалуу, жеңилдик алып келе турган, саламаттык сактоодо жакшы өзгөрүүлөргө колубуздан келишинче жардам берүүнү көздөп, жаш дарыгерлерге кеңешибизди берип, алдыга жылуусуна салым кошуу”, - деди ал.

Ал эми ассоциациянын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов тыгыз байланыш түзүү үчүн саламаттыкты сактоонун ардагерлеринин жыл сайын өтүүчү курултайын жандандырууну пландап жатышканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий