• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы жол кырсыгында жүргүнчүлөрдү куткарган кыргызстандык жаран сыйланды

Коом 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Россиянын Пермь шаарындагы автобус катышкан жол кырсыгынан жабыркагандарга алгачкылардан болуп жардам көрсөткөн кыргызстандык жаран сыйланды.

Россиялык ЖМКлар билдиргендей, Кыргызстандын жараны Бекзат Максатбекке ыраазычылык кат жана белек тапшырылган. Сыйлык Россиянын Ички иштер министрлигинин Пермь аймагы боюнча коомдук кеңешинин башкы башкармалыгы тарабынан берилген.

59.RU басылмасынын маалыматы боюнча, 20 жаштагы таксист Максатбек 17-августтагы жол кырсыгына кабылгандарга биринчилерден болуп жардам көрсөткөн. Анда жүргүнчүлөрү бар автобус жол кырсыгына учурап, бир улгайган аял каза болгон.

Бекзат Максатбек Пермде ата-энеси жана иниси менен жашайт. Ал эми, такси кызматында 2 айдан бери иштеп келет. Ал күнү Максатбек кардарды Гайвага жеткирип, шаардын борборуна кайтып келе жатканда кырсык болгон.

Пикир

Оставить комментарий