• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте турак үй өрттөнүп жатат – видео

Кырсык 0


Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Бишкектеги Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалынды өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, ККББдан ыкчам топ жана Штаб тартылды.

Турак үйдүн артында жеке менчик бала бакча жайгашкан, бирок өрттүн жалыны ага өткөн эмес.

"Өрт саат 11:45те чектөөгө алынды. Тилсиз жоонун жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү өчүрүү иши уланууда, жабыркагандар жок экендиги кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий