• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки окуучу бирөөнү сабашкан. Азиз Суракматов сабалган окуучудан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 14.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов калаада сабалган окуучудан кабар алды. Бул тууралуу калаа башчысынын кенешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Ал учурда бала дарыланып жаткандыгын маалымдады.

“Мектеп директорунун жана өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун да жоопкерчилиги каралат”, - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, 12-октябрда Бишкектеги №47 мектепте 9-класстын эки окуучусу сегизинчи класстын окуучусун сабашкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий