• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ибраев: "Кумтөр" — кыргыз элинин байлыгы

Коом 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Саясий илимдердин кандидаты Алмаз Ибраев окуяга байланыштуу пикирин билдирип жатып, "Кумтөр" кыргыз элинин байлыгы экендигин баса белгиледи.

"Президенттин чечкиндүү кадамга барып "Кумтөр" маселесин чечип жаткандыгы — бул эрдик, баатырдык. Буга чейин эч ким бул маселени чечкен эмес. Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин чечпесе дагы деле ошол бойдон кала бермек. Биздин байлык тоноло бермек, бюджетибизде дагы деле дефицит болмок. Бир жыл мурда кен толугу менен Кыргызстанга өтөт деген маалыматты укканда чындыгында ишенген эмесмин. Бийлик "Кумтөр" биротоло Кыргызстанга өткөнүн жарыялаганы мени кубандырды", - деди ал.

Ибраев өз сөзүндө "Кумтөрдүн" ишин мындан ары улап кете турган инсандар өзүбүздүн арабыздан чыккандыгы да кубанарлык жагдай экендигин айтты. "Себеби, алар силер иштете албайсыңар деп айтып келишкен. "Кумтөрдүн" толугу менен Кыргызстанга өтүшү чоң ийгилик жана жетишкендик. Эми тышкы инвесторлорду тартууга да чоң өбөлгө түзүлөт. Кыргызстан азыркы күндө өзүнүн байлыктарына, ресурстарына көңүл буруп, өзү иштетип, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп турат дегенди билдирет", - деди Алмаз Ибраев.

Жетишилген келишим төмөнкү пункттарды камтыйт:

  • “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
  • Мындан тышкары, “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
  • Ошондой эле «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.
  • “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
  • «Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

Пикир

Оставить комментарий