• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы үч көчөнүн тротуарларын реконструкциялоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Оштун “Керме-Тоо” МАБындагы Краснофлотская, Байтемиров жана Урицкий көчөлөрүндө тротуарды реконструкциялоо иштери башталды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда даярдык көрүлүп, тротуарлар мыйзамсыз жана убактылуу тосмолордон тазаланып жатат.

Белгилей кетсек, бекитилген иш планына ылайык, Краснофлотская, Н.Байтемиров, Урицкий көчөлөрүн бойлой жолдун эки тарабында узундугу 2,2 км, туурасы 2,25 метр тротуар оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий