• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-январда, Ош шаарынын мэриясынын эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаал комиссиясынын чукул жыйыны өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Штабдын жыйынында Ош шаарында коронавирустун, пневмониянын жайылышынын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Анда санэпид кызматы, саламаттык сактоо тармагынын, үй-бүлөлүк дарылерлер топторунун өкүлдөрү учурдагы абал боюнча маалымат беришти.

Вице-мэр Венера Рыскулова ооруну жайылтып албоо үчүн жана илдет мектептердин иштөө тартибине таасир этпеши үчүн билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде жана эл көп топтолгон жерлерде тийиштүү иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.

Жыйындын соңунда жооптуу тармактардын жетекчилерине төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

- Эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин күчөтүү, базарларда санитардык эрежелерди сактоо;

- Калкка, бардык окуу жайлардын студенттерине, анын ичинде чет өлкөлүк студенттерге эмдөө жана кайрадан вакцинациялоо иштери боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу;

- Муниципалдык аймактык башкармалыктар санэпид кызматы менен биргеликте базарларда, коомдук тамактануучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн күндүзгү жана кечки рейддерди уюштуруу;

- Жума намазы учурунда санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

- Эпид кырдаал жакшырганга чейин шаардын алыскы райондорунун тургундарын эмдөө жана кайрадан вакцина алуусу үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүү;

- График менен билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерин, базарларды дезинфекциялоо;

- Кампаларда зарыл болгон дары-дармектердин камсыз болушу тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылды

Ошондой эле штабдын жыйынында Ош шаарында коронавирустун жаңы омикрон штаммын аныктоо үчүн тиешелүү анализдер алынышы күтүлүп жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, 14-январга карата Ош шаарында СOVID-19 инфекциясынын 22 жаңы учуру аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий