• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык –Көл ооруканасында 7 айда 3 миңге чукул бейтапка жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Ысык-Көл аймактык ооруканасында 2017-жылдын 7 ай аралыгында 2791 бейтапка медициналык, 606 жаранга амбулатордук жардамдар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, бардык бейтаптар медициналык жардамды өз убагында жана жеткиликтүү алып жатат.

Аталган министрликтин билдиришинче, ооруканада төрт адистен турган - хирург, терапевт, акушер-гинеколог жана реаниматологдор 24 саат иш алып барууда. Мындан тышкары аталган ооруканадагы адистер Бишкектеги Медициналык академиянын кызматкерлери менен толукталган.

Пикир

Оставить комментарий