• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жашыл Мурас". Чүйдүн Ак-Бешим айылында 2,5 миң түп жаңгак көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Чүй районунун Ак-Бешим айылында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен БУУ — Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым министрликтердин жетекчилери да катышты.

Ошондой эле "Кыргызстан студенттери Жашыл экономика үчүн" коомдук уюму дагы тартылды. Иш-чарага катышуучулардын саны 250гө чукул адамды түзүп, жалпы 2 миң 500 түп жаңгак көчөттөрү отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий