• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция Кадамжайдын айылдарында ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кадамжайдын айылдарында ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБнин көчмө кабылдамасы район борборунан 60 чакырымдан алыстыкта жайгашкан Майдан айыл аймагынын тоолуу айылдарынын тургундарына КР президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытындагы чыккан жарлыгы, ошондой эле элет жериндеги кылмыштуулуктун алдын алуу, тоолуу аймактардагы тургундардын мал-жандыктарына сак болуусу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу жеткирилүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасына жергиликтүү тургундар тарабынан 5 кайрылуу келип түштү.

Мындан тышкары, Үч-Коргон айыл аймагындагы тургундарга дагы жогорудагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесинин (белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) негизинде 2 атуулга протоколдор толтурулуп, чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий