• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында кечээ, 24-декабрда саат 16:00 чамасында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 3800 куб метр кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, ошондой эле КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тартылган. Техниканын жардамында унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн иштер улантылат. КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан унаа жолдун 26 жана 107-чакырымдарында пост уюштурулган.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий