• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркияга учуп кетти

Өкмөт 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына учуп кетти.

Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушуусу пландалган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында «Манас» эпосунун баатырынын эстелигинин ачылыш аземине, «Манас» тууралуу китептин бет ачарына, кыска метраждуу тасманын көрсөтүлүшүнө жана «Манас» эпосу жөнүндөгү театралдык иш чарага катышат.

Ошондой эле, өкмөт башчынын Түркия Республикасындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий