• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чараларына токтолду

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты, анда министрлер кабинетинин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

«Бүгүнкү күндө айыл чарбасында 9 кластердик багытты өнүктүрүү боюнча иштер башталды. Бул өлкөнү керектүү продукция менен камсыз кылып, 5 жылдан соң экспортко чыгууга шарт түзөт. Мындан тышкары, 17 миллиард сомго чейинки капиталы менен турукташтыруу фонду түзүлөт. Мунун ичинен азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында 6 млрд сомго чейин каражат бөлүп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо иретинде бюджеттин тартыштыгына, пандемияга байланыштуу чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктан бошотуу, жеңилдиктерди берүү кадамдарына бардык», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн башка чаралары катары Кытайга атамекендик продукцияны экспорттоону жогорулатууга багытталган иштерди атады.

«Союз убагында Кыргызстан 15 жакын товарды экспорттоо боюнча жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон. Бүгүнкү күндө биз фискалдык-финансылык механизмдер жана акча-кредиттик саясаты аркылуу өнөр жайды өндүрүүгө багытталган экономикалык жаңыланууга жана өнүгүүгө умтулуубуз керек. Учурда ошол кездеги абалга жетүү үчүн 3 жолду: кошумча нарк чынжыры, экономиканы диверсификациялоо жана кластерди киргизүүнү сунуштап жатабыз. Бул “сырьёлук” экономикадан чыгууга түрткү болот», - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, алдыда республикабыз дүйнөлүк рынокко чыгып, биринчи кезекте нукура, экологиялык жактан таза продукцияларыбыз менен дүйнөлүк рынокту багындыруу зарыл.

«Жерлер, ирригациялык тутумдар, техника – баары инвентаризациядан өткөрүлүшү керек, андан соң аларды натыйжалуу пайдалануубуз тийиш. Экономиканын өнүгүүсү республикалык бюджетти өз учурунда толуктоого, ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана бардык социалдык милдеттенмелерди мөөнөтүндө аткарууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал билдиргендей, ушул жылдын 1-октябрынан тарта ай сайын социалдык жөлөкпул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөлөк пулдарынын өлчөмдөрү 50 пайызга жогорулатылды.

«2022-жылдын 1-январынан тартып ал 100%га, айрым категорияларга 200 %га жогорулатылат. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз, келечекте жөлөк пулдун, пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий