• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Лондондун лорд-мэри Майкл Майнелли менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Лондон шаарынын лорд-мэри, “City of London” корпорациясынын башчысы Майкл Майнелли менен жолукту.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Майнелли мырзага кыргыз бийлигин жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраачылык билдирип, Кыргызстан Улуу Британия менен экономикалык багытта эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылык берээрин айтты.

“Мен жеке өзүм Лондонго эл аралык “MINEX” конференциясына катышууга, ошондой эле британиялык жана эл аралык потенциалдуу өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташууга жеке чакыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн келдим”, - деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинети өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган бир катар чараларды кабыл алганын кошумчалады.

“Биз бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, каттоо жана лицензиялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү, чет элдик инвесторлор үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Азыркы этапта бизде чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылууда. Майнелли мырза, Сиз аркылуу мен британиялык инвесторлорду жана ишкерлерди эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууга чакырам”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Лондондун лорд-мэри Майкл Майнелли британ компаниялары өз кеңселерин буга чейин Кыргызстандын аймагында ачканын жана мындай багыттагы иштер улантылаарын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташуусу жогорку деңгээлге жетээрине ишенээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий