• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекет тарабынан ишке ашырылган коррупцияга каршы чараларды маалыматтык колдоо, ошондой эле бул чөйрөдө жарандарга маалыматтын өз убагында жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын коомчулук менен өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 427-б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш жөнүндө Жобонун жаңы редакциясы жактырылган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 81 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди.

Кеңештин Төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри саналат. Курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, бизнес-коомчулук жана жарандык чөйрө өкүлдөрү кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин биринчи жыйыны жакынкы мезгилде өткөрүлөт.

Маалымдама: Алгачкы ирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 454-б буйругуна ылайык түзүлгөн.

Коррупцияга каршы кеңештин ишмердүүлүгүн жандандыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 токтомуна ылайык бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу боюнча 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын 76-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360-б буйругу менен бекитилген 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Ачык Өкмөтүн түзүү боюнча аракеттердин Улуттук планынын 19-пунктун аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий