• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Коопсуз шаардын" камерасын сындырууга аракеттенгендер аныкталды. Арасында ИИМ кызматкери бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Беш-Күнгөй айылында 21-февраль күнү белгисиз адамдар жол эреже бузууларын жаздырган көчмө камераны сындырууга аракет жасашкан. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 17:37де Аламүдүн районунун милиция кызматына Беш-Күнгөй айылындагы бейбаштык тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат келгенден кийин эле милиция кызматы окуя болгон жерге жетип барган.

Белгилүү болгондой, ал жерде "Вега Оперейтинг" компаниясынын көчмө камераларды орнотуу боюнча адиси иштеп жаткан. Ошол маалда эки белгисиз адам ага келип, ишине тоскоол болуп, камераны сындырууга аракеттенишкен.

Бул факт боюнча сотко чейинки иш башталып, бейбаштык кылгандардын өздүгү такталган. Алардын бири Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Атайын мамлекеттик кароол кызматы башкы башкармалыгынын кызматкери болгон.

"Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүүнү баштады. Сотко чейинки өндүрүш уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий