• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бет кап кийген адамдар аялдын $60 миң жана алтындарын уурдап кетишти

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн бирине бет кап кийген кылмышкерлер кирип, аялдын 60 миң доллар акчасын жана алтындарын уурдап кетишкен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-майында Октябрь райондук милиция бөлүмүнө А.Д., аттуу жаран кайрылып, 5-майдан 6-майга караган түнү бет кап кийип аны тоноп кеткен адамдарга катара чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Борбордук милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, арыз менен кайрылган айым өзүн белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасы болом деп тааныштырган.

Октябрь райондук милиция бөлүмүнөн жана шаардык милиция башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам-тергөө топ түзүлүп, аталган кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий