• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көркөм сүрөт музейинен баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине европа улутундагы 35-40 жаштагы жаран мыйзамсыз түрдө кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-мартынан 28-мартына караган түнү саат 02:14 чамасында музейдин башкы сактоочусунун кызматтык бөлмөсүнөн коопсуздук белги берүүчү коңгуроосу (сигнализация) иштеп кеткен. Күзөттө турган кызматкер бирөө киргенин көрүп, ошол замат артынан терезеден кирип барган. Кызматтык бөлмөнүн эшиги бек болгонуна байланыштуу, кылмышка шектүү кача албай, буюмдарды колуна алып, каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу колун толгоп кармаган.

ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн №323 ыкчам кармоо тобу саат 02:16 чамасында жетип келишип, ыкчам тобунун милиционер автоматчысы, милициянын старшинасы Н. Догдурбеков жардамга келген.

Жыйынтыгында кылмышка шектүү деп кармалган адам 1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Т.Р. экендиги аныкталган.

Кармалган жаран ИИМдин Биринчи май РИИБине жеткирилген, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя болгон жерде №323 ыкчам кармоо тобу музейдин айланасын карап чыгып, камеранын жулунуп алынганын тактаган, ошондой эле Биринчи май райондук ыкчам-тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий