• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 8-мартка караган түнү мас абалында унаа башкарган 13 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. 8-мартка караган түнү Бишкекте “Рулда” аталышындагы рейддин жүрүшүндө кайгуул кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа башкарган 13 айдоочу аныкталды.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан майрам күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бир суткада 1 миң 239 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Алардын ичинен:

- 13 айдоочу мас абалында;

- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатуу - 4;

- айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын айдоо - 10;

- коопсуздук курун тагынбай айдаган айдоочулар - 308;

- башка жол эрежесин бузуулар - 904;

- 71 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий