• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда мөөнөттүү кызматтын аскери кызматташы тарабынан өлтүрүлгөн – Башкы прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы аскери М.Ж. карата КР КК 370-беренесине (айланадагыларга коркунуч жараткан буюмдарды жана куралдарды колдонуу эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 12-апрелинде жогоруда көрсөтүлгөн аскер кызматкери бөлүктүн объектилерин коргоо кызматында туруп, курал колдонуу эрежесин бузуп, ишенип берилген АК-74 модификациясындагы куралдан ок чыгарган. Натыйжада, ок жанында турган катардагы аскер Т.А.га тийген. Ал аймактык ооруканага жетпей каза болгон.

Аскер кызматкери М.Ж. кармалып, Ош гарнизонунун гауптвахтасына алынып келинди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий