• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кыргызтелекомдун» жетекчилиги 2016-жылы жайында интернетке тарифти уруксатсыз кымбаттаткан – комиссиянын корутундусу

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. "Кыргызтелекомдун" жетекчилиги 2016-жылы жайында интернетке тарифти уруксатсыз кымбаттаткан. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында 2010-жылдагы мародерлук маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков билдирди.

Парламентте 2010-жылдагы мародерлук, банктык ячейкаларды тоноо, андан тышкары мурда К.Бакиев (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдордун жакындарына таандык болгон “Альфа телеком” ЖАК, “Бишкек мунай компаниясы” ЖАК, “Дастан” ТНК ААК, “Азия универсал банк” АК, “Кыргыз көмүр” МИни камтыган бардык объектилерди улутташтырууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан бүтүмдөр жана “Кыргызтелеком” ААКтын интернет-кызмат көрсөтүүсүнө тарифтердин негизсиз кымбатташы боюнча КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылы 20-октябрдагы токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы угулууда.

Депутаттын айтымында, комиссия 4 айдан ашык иштеди. Көп кыйынчылыктар болду.

“Өткөн жылы жай мезгилинин аягында “Кыргызтелеком” интернеттин баасын 13доллардан 30долларга чейин кымбаттаткан. Биз бул ишти аягына чейин иликтедик. Иштин жыйынтыгында комиссия интернетке тарифти көтөрүү үчүн эч кандай себеп болгон эмес деген жыйынтык чыгарды. Негизги күнөөкөр катары “Кыргызтелекомдун” жетекчилиги таанылды. Анткени, августтун аягында “Кыргызтелекомдун” дарегине казакстандык 2 провайдерден сунуш түшкөн. Алар интернет үчүн жаңы тарифти карап көрүүнү сунушташкан. Алар эч кандай талап коюшкан эмес жана эгер “Кыргызтелеком” аталган сунушту карабаса трафик бербейбиз деген сыяктуу жана башка сөздөр болгон эмес. Бирок, жетекчилик ошол эле күнү Директорлор кеңешине маалымдабай туруп, интернетти 30 доллардан сатып алуу тууралуу келишимге кол коюу чечимин кабыл алган. Анын үстүнө кийинки күнү эле алар 420 миң доллар көлөмүндө алдын ала төгүм төгүшкөн”,-деген Анвар Артыков, белгилүү болгондой интернет-кызмат үчүн төлөм колдонулгандан кийин жүргүзүлөрүн билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, интернеттин баасынын кымбатташына байланыштуу жаңжалдан кийин да “Кыргызтелекомдун” башчысы узак убакыт бою келишимди кайра түзүүгө каршы чыккан, андан келтирилген зыян 210 миң долларды түзгөн. Комиссия бул жерде коррупциялык схема бар экенин белгилейт. Депутаттык комиссия аталган иш боюнча өзүнүн корутундусун чыгарып, бардык материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (ЭККМК) өткөрүп берди. Өз кезегинде ЭККМК кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле, комиссия интернеттин тарифи мурдагы баасына келтирилсин деген корутунду чыгарды.

“Мындан тышкары, биз чарбачылык субъектер боюнча көп материалдарды алдык. Алардын бары ЭККМКга берилди. Мен тиешелүү органдар аталган иш боюнча чечим чыгарат деп ишенем”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий