• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөткө балдарга олуттуу кам көрүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” сатында эл өкүлдөрү жеткинчектерди балдарды коргоо күнү менен куттуктап, КР Өкмөтүнүн астына балдарга ар тараптуу кам көрүү жаатындагы бир катар маселелерди коюшту.

Өткөндө Ош шаарындагы Навои атындагы паркта аттракцион кулап, бир катар жарандар жабыркаганын эске салган депутат Азизбек Турсунбаев бул окуяга иликтөө кылып, натыйжада эч ким жооптуу болбогонуна токтолду. Депутат балдардын коопсуздугун камсыз кылууда жогорудагыдай кырсыктар катталса кимдир бирөө жоопкерчилик алышы керектигин аткаруу бийлигине жолдоду.

“Улуу муун келечек муунга баардык шарттарды түзүп беришибиз керек”,- деген депутат Иса Өмүркулов майып балдарын багып жаткан ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар 1,2,3-топтогу майып балдардын жөлөкпулдарынын көлөмү өтө төмөн экенине КР Өкмөтүнүн көңүлүн буруп, жөлөкпулдарды жогорулатуу зарылдыгын айтты.

Депутат Айнуру Алтыбаева дагы балдардын саламаттык жаатындагы көйгөйлөрүнө токтолуп, “Ысык-Көл” мейманканасынын профилин өзгөртүп, балдар ооруканасына айландырууну сунуш кылды.

Депутат Наталья Никитенко 1-июнду мамлекет жөн салды бир күн катары карабай, олуттуу мамиле кылуу зарылдыгын айтып, өзгөчө майып балдарга кам көрүү маселесине токтолду. Депутат балдар үйлөрү үчүн электр кубатына болгон тарифти коммерциялык мекемелердикиндей кылбай, төмөндөтүү зарылдыгын билдирди. Мындан сырткары, Н.Никитенко: “Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдар борборун майып балдарга берүү маселесин 2 жылдан бери сунуштам келе жатам, чечилбей келет”,- дейт.

Бүгүнкү күндө балдарга жөлөкпулдун көлөмү 1000 сом. Депутат Бакыт Төрөбаев бул маселеге токтолуп, арзыбаган 1000 сомдук жөлөкпул алууда дагы социалдык коргоо мекемелеринин кызматкерлери көйгөй жаратып жатып, араң берилерин сынга алды.

Өз маалында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Хадича” балдар үйүнүн электр кубаты, көмүр менен камсыздоо жагынан эл өкүлдөрү кол кабыш кылып келишкен. Депутат Төрөбай Зулпукаров аталган балдар үйүнүн маселесине КР Өкмөтүн көңүл бурууга чакырды.

“Балдар үчүн “Сүйүнчү пул” долбоору ишке ашса мамлекет балдарга кол сунган болот эле”,- деген депутат Дастан Жумабеков КР Өкмөтүн бул долбоорго оң корутунду чыгарып берүүгө үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий