• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргон жана Кара-Көлдө ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Базар-Коргон жана Кара-Көлдө ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун “КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан түшүндүрүү иштери улантылууда.

"Атап айтсак, Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл аймактарда эл менен жолугушууда. Жолугушуу учурунда жарандарга жарлыктын келип чыккан негизги талаптары эмнеге багытталганы кеңири жеткирилүүдө. Тактап айтканда курулай бедел күтүү, негизсиз каада-салттарды сактоо туура эмес экендиги, мындан улам жарандар көп учурларда материалдык чыгымдарга дуушар болуп, тамак-аш көп жасалып, мал союлуп, ыксыз чыгымдар көбөйгөнү айтылды. Маалыматтык түшүндүрүү иштеринин натыйжасында айрым айылдарда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты же башка салтанаттар көп суммадагы акчаны чыгымдабастан өткөрүлө баштады", - деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрүү иш-чаралары Базар-Коргон РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы аркылуу дагы улантылып жатат. Кызматкерлерлер райондун тоолуу айылдарына чейин барышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин угушуп, арыз-даттанууларын кабыл алышууда.

Ал эми Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мэрия, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аялдар жана жаштар кеңеши, билим берүү бөлүмү, аксакалдар соту, имамдар менен биргеликте ысырапкерчиликтин алдын алуу чараларын талкуулашты. Анда көптөгөн сунуштар айтылып, аны ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди. Жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча милиция тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий