• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында студенттердин “Достук” фестивалы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 23.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнь күнү Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Студенттер - билимдүү, бирдиктүү, Кыргызстан үчүн!” аттуу III студенттердин достук фестивалы башталды. Расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, КРнын билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош мамлекеттик университеттеринин ректорлору, студенттери жана ОГПИнин жааматы катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Ш. Зулимов достук фестивалы студенттерге, активисттерге жер таанып, башка университеттин билими менен студенттери менен баарлашып, тажырыйба алмашууга чоң өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп, ийгилик каалады.

ОшМУнун ректору, “Достук” фестивалынын негиздөөчүсү, профессор Каныбек Исаков жалпысынан 7 университетин арасында 2016-жылы декларацияга кол коюлуп, жылына 600гө жакын студенттер жети дубанды кыдырып, биримдикти чыңдап, тажырыйба алмашып, чоң жетишкендиктерди багындырып жаткандыгын белгиледи.

Өткөн жылы Ысык-Көлдө уюштурулган фестиваль, 2019-жылы Талас мамлекеттик университетинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий