• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын: Облус башчысы президенттин ысырапкорчулукка каршы жарлыгын жеке көзөмөлүнө алат

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаев онлайн жыйын өткөрүп, президенттин №54 "Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткарууну өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, калк арасында ысырапкорчулукту азайтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондордун акимдерине, укук коргоо органдарына, казыяттын өкүлдөрүнө жана тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттендирди.

Жарлыктын ар бир айылда кандай деңгээлде аткарылып жатканы жеке көзөмөлүндө болоорун айтып, ысырапкорлукка жол берилген аймактарда түшүндүрүү иштерин туура жүргүзбөгөндүгү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертти.

Жыйында Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов бул жарлык көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп жатканын, бирок каршы болгондор да бар экенин билдирип, Жарлыкты аткаруу боюнча муфтияттан да буйрук келгенин маалымдады. Ошондой эле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө айыл аксакалдары, жаштар, айыл өкмөтү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, имамдар бирдиктүү иш алып барса натыйжалуу болоорун сунуштады.

Ал эми Нарын ОИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Капар Абдыгул уулу бул боюнча жер-жерлерде аймактык милициялар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күн сайын маалымат алынып жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий