• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жумушсуздук, жол, жерлерди басып алуу. Ысык-Атанын жашоочулары көтөргөн көйгөйлөр

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Чүй облусунун калкы менен жолугушууларын улантууда. Жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларга ошондой эле ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышууда.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, суроо-жооп иретинде өткөн бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууга 450дөн ашык тургун катышты.

Жарандар социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүп. бийлик өкүлдөрүнөн аларды чечип берүүсүн суранышкан. Алсак, айыл өкмөттөрдөгү иштер, маданият, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу, айыл ичиндеги жолдорду оңдоо, көпүрөнү оңдоп түзөөдөн өткөрүү, жумушсуздук көйгөйлөрү айтылды.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын, прокуратуранын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктар жана кемчиликтер баса белгиленди.

"86 жаштагы жергиликтүү тургундун уурулук боюнча суроосуна Адылбек Бийбосунов жооп берип, бул уурулук фактысы териштирилип, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн билдирди. Ал ИИМден келген тиешелүү кызматтардын башчыларына бул жергиликтүү тургундун арызын кабыл алып, тез арада чечип берүүсүн тапшырды", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий