• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, координациялык кеңешменин курамы, шаардагы мектеп, бала бакчалардын жетекчилери, укук коргоо органдары, эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары катышты.

Кеңешмеде 3 маселе каралды:

1) Жалал-Абад шаарындагы билим берүү бөлүмүнүн окутуу, тарбия берүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарган иш-аракеттери.

2) Жалал-Абад шаарынын аймагында баңгичиликтин алдын алуу жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү.

3) Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүу боюнча аткарылган иш-аракеттер.

Жыйында билим берүүгө байланышкан бир топ маселелер талкууланып, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, мектеп рэкетчилиги, зордук-зомбулук боюнча орчундуу маселелер ортого салынды. “Акыркы коңгуроо” салтанаты шаан-шөкөтсүз өткөрүлөрү белгиленип, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ырысбек Калчаевге бул багытта иш алып баруу жагы милдеттендирилди.

Мындан сырткары, шаардагы “Акбермет”, “Акжол”, балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан улан-кыздардын тагдыры, келечеги талкууга алынып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоонун аракетин көрүү, өспүрүмдөрдүн психотроптук каражаттарды колдонуусунун алдын алуу багытында аткарылган иш-аркеттер боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Саркаров баяндама жасап, бул багытта ыкчам аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Шаар мэри баяндамачылар тарабынан жасалган докладдар канчалык деңгээлде ишке ашып жаткандыгы туурасында жетекчилердин аткарган ишине баа бериле тургандыгын баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга мектеп окуучуларына көзөмөлдү күчөтүү менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий