• 88.68
  • 95
  • 0.95

Опузалап пара алуу. Жалал-Абадда УКМК башчысынын өкүл баласы жана жергиликтүү чиновник кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Опузалап пара алуу фактысы боюнча И.А.К. аттуу жаран жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-мартында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T. аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен И.А.К. аттуу КР жараны жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. кармалды.

И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий