• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канткенде жумуртканын сарысы резина сыяктуу болуп калат – видео

Коом 0


Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери канткенде жумуртканын сарысы резина сымал болуп каларын журналисттерге түшүндүрүп, көрсөтүп беришти.

Эске салсак, 16-февралда Ош шаарында жасалма жумурткалар пайда болгону кабарланып, социалдык түйүндөрдө видео тараган. Анда жасалма жумуртканын кадимки жумурткадан эч кандай айырмасы жок экендиги айтылат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов элди ызы-чуу кылган видеого жооп кайтарып, Кыргызстанда жасалма жумурткалар сатылбайт деген. Ал билдиргендей, Ош шаарынын Урматбек аттуу жашоочусу сатып алган жумурткалар Ысык-Көл облусунан алынып келинген.

Бүгүн инспекциянын адистери журналисттерди Ысык-Көл облусундагы тоок фабрикаларынын бирине алып барып, жумуртканын сактоо шарты бузулган учурда анын сарысы резинка сыяктуу болуп калаарын көрсөтүштү.

Видеодогу адистин маалыматына таянсак, жумуртканы жасоо мүмкүн эмес, анткени кабыгы менен белоктун ортосундагы чел кабыкты эч ким эч качан жасай албайт, - деп билдирди.

Бул процессти тартып аткан журналисттердин бири жумуртканын сарысын колуна кармап көрүп: "күлүп... резинадай болуп калат экен", - деди.

Пикир

Оставить комментарий