• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагынын мөөнөтү 18-августка чейин узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук соту кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагынын мөөнөтүн 18-августка чейин узартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түзгөн, анын ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктаган.

4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен. 16-июнда Курманкул Зулушев кайрадан өз милдетин аткарууга киришкен.

Пикир

Оставить комментарий