• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев боюнча президент түзгөн комиссия өз ишин жыйынтыктады

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Алсак, 336-берене (коррупция) боюнча 1 кылмыш иши козголгон;

337, 339-беренелер (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, атайылап пайдасыз келишим түзүү) боюнча - 4 кылмыш иши;

Ошондой эле 343-берене (опузалап пара талап кылуу) боюнча 2 кылмыш иши козголгон.

Комиссия саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары, комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди.

"КР Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын Тергөө абагына 1 айга камакка алынган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалган.

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түзгөн.

4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен.

Пикир

Оставить комментарий