• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендик блогер милиция бөлүмчөсүнө унаа белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Болгер Гүлдесте Калматова Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө ВАЗ2107 үлгүсүндөгү унаа белек кылды.

Маалыматка ылайык, Калматова Айдаркен шаарынын тургуну жана DESTE Official ютуб каналынын жетекчиси.

Унааны тапшыруу учурунда Калматова Айдаркен аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгына ыраазы экендигин белгиледи.

Өз кезегинде, Кадамжай РИИБнин жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык каты тапшырылды.

Белгилей кетсек, тоолуу аймакта жайгашкан “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү Бирлик, Алга айыл аймактарын башкача айтканда, 27 миң 500 адамдын коопсуздугун камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий