• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кемин районунда “Арсенал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан “Арсенал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 150 турак жайды үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлдү. Анда мергенчилик менен алектенген 60тан ашуун жарандардын ок атуучу куралдарды сактоонун эрежелери текшерилди.

Иш-чарада эрежелерди сактабаган жарандарга карата 10 административдик протокол толтурулган. Алардын ичинен КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) боюнча 6 протокол, 134-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) боюнча 4 протокол толтурулган.

Учурда Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий